Back

★ Жаштар саясаты

                                               

Кыз ала качуу же кызды никеге мажбурлап тургузуу көрүнүшү

Кыз ала качуу же кызды никеге мажбурлап тургузуу көрүнүшү - Кавказда, Кыргызстанда, Эфиопияда, Руандада, Элладада жана ушундай салттары бар башка өлкөлөрдө кездешет. Кыз ала качуу түрк элдеринин да арасында кеңири тараган. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө кыз ала качуу мыйзамдуу нике эмес, кылмыш деп эсептелет. Адатта, кыздын эркине каршы ала качып, никеге тургузган учурлар менен кыздын, ошондой эле анын туугандарынын макулдугу боюнча ала качкан эки учурду ажырата билүү керек. Бул көрүнүшкө аныктама берүүдө жалпы аныктамалар деңгээлинде да, укуктук регламентация деңгээлинде да ар кандай ...

                                     

★ Жаштар саясаты

Жаштар саясаты - коомдун, анын ар кандай топторунун, социалдык институттарынын калктын өзүнчө чоң демографиялык табу сыяктуу жаштарга мамилеси, ошондой эле жаштардын өзүнүн калктын башка топторунун жана катмарларынын, социалдык институттарынын жана адамдарынын өкүлдөрүнө, жалпысынан башка социалдык топторго, социалдык институттарга, коомдун баалуулуктарына болгон мамилеси катары аныкталат.

Жаштардын социалдык мартабасы жана турмуш сапаты көп деңгээлде бардык өз ара мамилелердин уюшкандыгына байланыштуу болот. Кыргызстанда 14ттөн 35ке чейинки адамдар жаш деп саналышат жана жаштардын категориясына кирет. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын жалпы калкынын 48% жаштар түзгөн. 2013-ж. башына карата калктын орточо курагы - 27.2 жашка барабар, эркектер - 26.3, аялдар - 28.1 жаш.

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик Жаштар саясаты 2000-ж. 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен бекитилген "Кыргызстанда 2010-ж. чейин жаштарды өнүктүрүү боюнча Улуттук "Жаштык" программасында аныкталган. Бул программа толугу менен ишке ашпаса да анын маанилүү жыйынтыктарынын бири - жаштардын жашоо-турмуш маселелерине тийиштүү бир катар мыйзамдардын кабыл алынышында. Мындай чен-өлчөмдүк актыларга "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Баштапкы кесиптик билим берүү" ж. б. кошууга болот.

Жаштарды билим берүүгө тартуу көрсөткүчтөрүнүн жогору экендигине карабастан билим берүү сапатынын начардыгы негизги маселе бойдон кала берген. Ушундай абалга байланыштуу, жаш кадрлар эмгек базарында тажрыйбалуураак талапкерлер менен атаандаша албайт. Буга окшогон жагдайларда, расмий маалыматтар боюнча жаштар Кыргызстандын жумушсуздарынын ичинде 98%ды түзөөрү анча деле таң калтырбайт. Көптөгөн изилдөөлөр боюнча, социалдык-экономикалык катаалчылык шарттарында жаш муундун акыбалы башка жаштагы топторго салыштырмалуу начар болуп эсептелет. Жаштар өзүн-өзү ишке ашыруунун көптөгөн мүмкүндүктөрүнөн ажырап калгандыгын моюнга алуу керек, чоң кишилердин турмушуна кирүү үчүн керек болгон баштапкы мүмкүндүктөр жаштарда жокко эсе.

Жаштарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча зарыл шарттардын жоктугу жалаң эле эмгек миграциясынын өсүшүнө эмес, ошондой эле кылмыш жана баңгилик сыяктуу терс көрүнүштөргө да алып келүүдө. Кыргызстандын жаштары көбүрөөк криминалдуу демографиялык топ болуп эсептелет. Мис., укук бузуулардын жарымынан көбүн 30 жашка чейинкилер, ошондой эле 7% жашы жете элек балдар жасашат. Уурдап-тоноочулук, тентектик, баңгилерди мыйзамсыз жүгүртүү жаштардын арасындагы кылмыштын көбүрөөк таралган түрлөрүнөн

Акыркы 10-15 жылда баңгилик көз карандылыктан жапа чеккен адамдардын саны 6-8 эсе өсүп кеткен. 2013-ж. 10 миңден ашык жаштар наркологиялык диспансерлердин эсебинде турушкан. Ошенткен күндө да баңгилик жыл сайын жашарууда. Расмий маалыматтар боюнча, баңгини биринчи ирет 10-12 жаштарында пайдаланышат, бацгинин орточо жашы 13-14 жашты түзөт.

Бишкектеги СПИД Борборунун маалыматтары боюнча, 2009-ж. 1-январына Кыргызстанда ВИЧ-инфекция жуктуруп алган 2031 кокустук катталган, анын 550сү 2008-ж. жуктуруп алгандар. Алардын басымдуу көпчүлүгүн 25тен 35ке чейинки репроцуктивдуу курактагы жаштар түзөт. Миграция боюнча эл аралык Уюмдун маалыматтарына ылайык, жыл сайын Кыргызстандын 4000 ашуун жаш аял киши сатуу курмандыктарына айланышат. Ошол эле кезде киши сатып соода кылуу жыл санап өсүүдө. Сооданын 10% курмандыктары жашы толо элек өспүрүм балдар. 2010-ж. 7-апрелдеги кандуу саясий төңкөрүштөн жана өлкөнүн түштүгүндөгү этностор аралык кагылышуудан кийин жаштар маселесин чечүү приоритеттүү деп жарыяланып, атайын түзүлгөн жаштар иштери боюнча министрлик иш алып барууда. Азыркы мезгилде жаш муундарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар мамлекеттик жана социалдык милдеттер Жаштар саясаты катары эсептелет. Жаштар саясатынын максаты экономикалык, саясий жагымдуу шарттарды, ошондой эле жаштардын турмуш сапатын жакшыртуу үчүн укуктук кепилдиктерди түзүүдө турат. Жаштар пайызы улам барган сайын өсүп бара жаткандыктан улам, жаштар "өлкөнүн өсүшүнүн стратегиялык байлыгы" деп айтууга болот. Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында жаштардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзө ала турган саясатты аныктап чыгуусу керек.

                                     
  • Федерациясынын Жаштар саясаты боюнча улуттук кеңеши уюштурган Чыгыш Европадагы жана Орто Азиядагы жаштар аттуу семинарга Жаштар саясаты департаментинин
  • Республикалык Манас жаштар ордосу жана улуу баян коомдук фонду социалдык - маданий борбор. Жаштар ордосу 2002 - жылы Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик
  • Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм, Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети. Академиянын максаты туризм жана сервис
  • 1995 2005 - жылыКР ЖКда кеңешчи, 2005 07 - жылы КРдин Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри, 2007 08 - жылы КР Өкмөтүндө вице - премьер министр, 2008 09 - жылы
  • комитетинин секретары, 1992 93 - ж. КР Президенти жана КР Өкмөт аппараттарында жаштар саясаты боюнча бөлүм башчы, 1993 95 - ж. Кыргызстан социал - демократиялык партиясында
  • Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2010 - 2012 - жж. Жогорку Кеңештин Жаштар саясаты дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрайымынын орун
  • бийликте турган партиянын жүргүзгөн саясатына каршы өз көз карашы жана саясаты менен чыккан партиялар жана топтор. Демократиялык өлкөлөрдө бийликтин ажырагыс
  • ишмери. 1920 - ж. Франциядан билим алган. 1922 - жылдан Кытай Коммунисттик Жаштар Союзуна, 1924 - жылдан Кытай КПнын мүчөсү. 1925 - ж. саясий ишмердүүлүгү үчүн
  • 4 - февралынан тартып Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри. - Кыргыз радиосунун Алтын казынасына ондогон циклдык автордук
  • администрациясынын аппарат жетекчиси. 2003 - жылы Кара - Балта шаардык башкармасынын жаштар иштери боюнча жетектөөчү адиси. 2003 - 2005 - ж Финансылык - экономикалык талдоо
  • кайрылышты Ба Цзинь, Ай Цин ж. б. жаштар келишти Е Синь, Те Нин, Чжан Синьсинь ж. б. Реформа жана тышкы ачыктык саясаты 1980 - жылдардын башында реформа
  • күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө биртоп татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске алып келген. 1993 - ж. июнь айында
                                     
  • отличниги төш белгилери. 2002 - жылы Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети Дзюдо боюнча КРнын улуттук даражадагы
  • Европанын мыкты өнүккөн өнөр - жай цивилизациясынын жана Батыштын колониалдык саясаты таасири алдында Иран жаңы баскычка өткөн. Ирандын борбор шаары болгон Борбордук
  • айдоо жерлердин аянты, малдын саны кыскарган. Өлкөнүн азыркы агрардык саясаты айыл чарбанын экономикадагы ролун чыңдоого, айрыкча буудай, эт, жашылча
  • шайлоодо жеңишке жеткен. Бул партиянын төрагасы Ж. Ж. Дифенбейкер салык саясаты жана тышкы саясат аркылуу Канаданын экономикасын өз алдынча өнүктүрүүгө
  • грамотасы мемен, 2004 жылы Кыргыз Республикасныны билим берүү илим жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы менен, 2006 жылы Кыргыз Республикасынын
  • түзүлөт. Адабий драмалык редакция - Манас чыгармачыл өндүрүштүк бирикмеси, жаштар редакциясы - Айкөл коомдук саясий - Ата - Журт элдер достугу - Достук
  • 1952 - ж. Ф. Батиста СССР менен диплатиялык мамилени үзгөн. Ф. Батистанын саясаты кеңири массанын кыжырдануусун туудуруп, нааразычылык күчөгөн. 1955 - ж. Ф
  • Алымкадыр Бейшеналиев 3 - февраль, 2021 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министри Кайрат Иманалиев 3 - февраль, 2021 Мамлекеттик комитеттер
  • укуктары жөнүндө түшүнүктөр кеңири жайыла баштаган Россиянын империялык саясаты каада - салттарды сактап, жергиликтүү эл менен жаңы бийликти табыштырууга
  • Инструментализм Ип Мен Искек К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы К.Тыныстанов КАЖЫСАЙ КАИЫПОВ Искенбай КАРАХАНИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ

Users also searched:

жаштар саясаты, кыргызстандын саясаты. жаштар саясаты,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →