Back

★ Асанканов, Абылабек

Асанканов, Абылабек
                                     

★ Асанканов, Абылабек

Абылабек Асанканов – этнограф тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор, КРнын УИАнын корреспондент мүчѳсү, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Учурда ал Кыргызстандын УИАсынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору кызматын аркалап келет.

                                     

1. Кыскача өмүр таржымакалы

1954-ж. Кыргызстандын Нарын облусундагы Жумгал районунун Жаңы-Арык Доскулу айылында туулуп, ошол эле кыштакта орто мектепти аяктаган. 1972-1977-жж. Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетинин студенти. 1977-78-жж. Нарын облусунун Жумгал районундагы" Көл-Арык” орто мектебинин мугалими,

1978-79-жж. аталган райондун" Жумгал” орто мектебинин мугалими, 1979-80-жж. Фрунзе политехникалык институтунда "КПССтин тарыхы" кафедрасында окутуучу, 1980-83-жж. Москвадагы СССР ИАсынын Н. Н.Миклухо-Маклай атындагы этнография жана антропология институтунун аспиранты, 1984-91-жж. КМУнун Археология жана этнография кафедрасынын окутуучусу жана башчысы, 1983-93-жж. КМУнун окутуучусу, археология ж-а этнография кафедрасынын башчысы, 1991-ж. 21-октябрь - 1992-ж. 30-апрелине чейин Москвада Орусия ИАсынын Н. Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнология жана антропология институтунда ага илимий кызматкер, 1992-93-жж. Кыргыз Улуттук Университетинин КУУ Тарых факультетинин деканы, 1994-97-жж. КУУдагы Кыргыз таануу институтунда директор, 1999-2001-жж. Кыргыз Президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, 2001-2005-жж. Э. Арабаев атындагы Кыргыз Педагогикалык Университетинин ректору, 2005-2006-жж. аталган университеттин Ата-Мекен тарыхы кафедрасынын башчысы, 2010-ж.11-августунан Кыргыз Президенттик администрациянын Этностук өнүгүү жана дин саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, 2010-2012-жж. аталган кеңседе Этностук өнүгүү, дин саясаты жана атуулдук коом менен карым-катнаш бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 2017-жылдан - Кыргызстандын УИАсынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору.

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

                                     

2. Илимий жана коомдук ишмердиги

Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү 2012. Кыргызстандын УИАсынын кабарчы-мүчөсү. 1999." Манас” дастанынын миң жылдык мааракесине байланыштуу медалы менен сыйланган 1995. Кыргыз тарыхына, этносоциологиясына, руханий маданиятына арналган 100дѳн ашык илимий эмгектин а. и. 10 монография автору.

                                     

3. Илимий эмгектери

  • Кыргызы: рост национального самосозвания. Б., 1997.
  • Кыргызы Синьцзяна КНР. - Бишкек, 2010.
  • Социально-культурное развитие современного сельского населевия Киргизии. Ф.,1989.
  • Жунго Шинжаң кыргыздары Монография / Сунуштуу редактор Макелек Өмүрбай, жооптуу редактор Токтосун Карыбек уулу. - Артыш: Кызылсуу Кыргыз басмасы, 2013. - ISBN 978-7-5374-1355-8. - 2+2+1+307 б., сүрөттөр.
  • История Кыргызстана с древнейших времен до наших дней. Учебник для вузов. - Бишкек, 2009.
                                     

4. Илимий редакторлугу астында жарыяланган эмгектер

  • Молдокулова, Динара Төрөкелдиевна. Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданияты: XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башы / Жооптуу ред. А. Асанканов. - Бишкек: Ж. И. "Сарыбаев Т. Т.", 2016. - 150 б. - ISBN 978-9967-04-743-3.
                                     

5. Колдонулган адабият

  • Кыргызстан жана Борбордук Азия - баарлашуунун мейкиндиги: Этностор аралык мамилелерди бекемдөөнүн өтмүшү, учуру жана келечеги: Кыргыз Республикасынын УИАсынын мүчө кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Абылабек Асанкановдун 60 жылдыгына арналган Кыргызстандын этнологдору менен антропологдорунун II Конгрессинин Бишкек шаары, 2015-жылдын 4-апрели баяндамалары жана илимий макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т. К.Чоротегин төрага, С. К.Алымкулова, ж. б., жооптуу редактор А. Р.Бикбулатова, илимий редактор Т. К.Чоротегин. - Бишкек:" Maxprint” басмасы, 2015. - 488 б., сүрөт. -" Мурас” фонду. -. - ISBN – 978-9967-12-474-5.
  • Асанов У. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.

5-89750-100-9.

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967 - 14 - 046 - 1.
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.
  • Мамбетов, Жума. Теңирим сүйгөн Теңир-Тоо: Нарыным – алтын бешигим. – Б.: Принт-Экспресс, 2016. – 432 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-27-957-5.
                                     
  • диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Илимий жетекчиси - профессор Абылабек Асанканов Асанканович. Учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде
  • деген темада доктордук ишин коргогон. Илимий кеңешчиси профессор Абылабек Асанканов Үй - бүлөлүү. Жубайы Айнагүл да кесиби боюнча тарыхчы. Кызы Айжан
  • Кадыралы Конкобаев, президенттик администрациянын өкүлү, этнограф Абылабек Асанканов карыя тарыхчылар Эгемберди Маанаев, Асан Абетеков, Аскар Беделбаев
                                     
  • Жаныбек Жакыпбеков, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов Атыркүл Алишева, Анара Табышалиева ж.б. болгон. Ал эми профессор
  • Республикасынын УИАсынын мүчө кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Абылабек Асанкановдун 60 жылдыгына арналган Кыргызстандын этнологдору менен антропологдорунун

Users also searched:

асанканов, абылабек, кыргызстандын саясаты. асанканов, абылабек,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →