Back

★ Кобан маданияты

Кобан маданияты
                                     

★ Кобан маданияты

Кобан маданияты - Түндүк Кавказдын борбордук бөлүгүндөгү коло кылымынын аягы - темир кылымынын башына таандык археологиялык эстелик. Түндүк Осетиядагы Кобан кыштагынын атынан аталган. Кобан маданияты көрүстөндөр, турак жайлар жана буюм калдыктары менен илимге белгилүү. Кобан маданиятынын адамдары өлүктөрдү бүгүп, таш үкөктөргө салып, ар кандай тиричилик буюмдары - канжар, уңгулуу коло балта, спираль түрүндөгү билерик жана башкалар менен бирге көмүшкөн. Алар кээ бир буюмдарын "айбандар стили" деп аталган скиф искусствосунун ыкмасында кооздоп жасашкан. Кобан маданиятынын адамдары уруу-уруу болуп, кичинекей кыштакчаларда жашаган. Булардын арасынан Змейский журту айрыкча белгилүү. Мал чарбачылык, аңчылык, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык менен кесип кылышып, тоо кендерин да иштете билишкен. Уруу жол башчыларынын колунда байлык топтоло баштаган. Кобан маданиятынын адамдары Алдыңкы Азия жана Днепр бойлорунда жашаган элдер менен маданий, экономикалык байланышта болушкан.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9.

Users also searched:

кобан маданияты, кыргызстан маданияты. кобан маданияты,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →