Back

★ Кыргызстан обондору, радио

                                     

★ Кыргызстан обондору, радио

"Кыргызстан обондору" үналгысы - Кыргызстанда угармандарга кыргыз тилинде гана ыр жана күүлөрдү тартуулаган биринчи радиостанция. 1999-жылы Медиа группа "Европа" компаниясынын алкагында "Кыргызстан Обондору" үналгысы түзүлүп, алгачкы жолу эфирге 24-январда чыккан. "Кыргызстан Обондору" бул - мамлекеттик тилде жумасына 7 күн, 24 саат бою иштеген көз карандысыз радиостанция. "Кыргызстан Обондору" - кыргыз элинин руханий баалулугун, анын бай көркөм жана музыкалык мурасын, ошондой эле адабий тилди өнүктүрүүгө багытталган.

Радиоберүү толугу менен менталдык, аймактык жана улуттук мүнөздө түзүлгөн. Ал эми анын музыкалык форматы Кыргызстандын музыка дүйнөсүн толугу менен камтыйт. Эфирде классик жана жаш таланттардын аткаруусундагы эстрада музыкасы менен бирге өткөн жылдардын хиттери, улуттук күүлөр, эпикалык чыгармачылык, автордук ырлар, учурдун жана мурдагы алтын хиттер жаңырат. "Кыргызстан Обондору" - ар түрдүү жанрдагы жана багыттагы жалан гана кыргыз музыкасын берүүчү радиостанция. Кыргызстанда 15 жылдын ичинде кыргыз тилдүү радиостанциялар арасында биринчи орунда туруп, кыргыз эстрадасын өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп келет. Станциянын урааны - "Жашоо керемет!"

                                     

1. Радиостанциянын угармандары

15 жаштан 60 жашка чейинки мырзалар жана айымдар. Потенциалдык аудиориясы 3 300 000 адам.

"Кыргызстан Обондору" өлкөдө эң чоң берүү аймагын камтыган коммерциялык радиостанция болуп эсептелет.

  • Ош жана Жалал-Абадда – FM 106.5.
  • Ысык-Көл облусунда – FM 87.9.
  • Баткен облусунда – FM 104.3.
  • Нарын облусунда – FM 93.3.
  • Талас облусунда – FM 87.5.
  • Бишкек жана Чүй облусунда FM 106.5.
                                     

2. "Кыргызстан Обондорундагы" программалар

1. "Эрке таң" - ар түрдүү кызыктуу рубрикалар жана оюндар менен коштолгон эртең мененки шоу-программа. 2. "Шашкан буттар" - угармандар менен ар кандай темада кызуу талкуу жүргүзүү, мыкты музыка жана мыкты маанай тартуулаган кечки шоу-программа. 3. "Ыр кесе" - программага каалаган эмгекчил жамаат катышып, түз эфирде ырдап, тамашага батып, оюн куруп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 4. "Жылдыздар жансын долбоору" - долбоорго эл арасындагы таланттуу ырчы, комузчу, аккардеончулар катышып, өз өнөрүн эл алдына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алат. 5. "Ыр - дүкөн" - куттуктоо программасы. 6. "Хит-20" - Угармандар тандаган мыкты ырлардын тизмеги. Музыка дүйнөсүндөгү жаңылыктар.

                                     

3. "Жаңылыктар" кызматы

Кыргызстан Обондорунда жаңылыктар түрмөгү күнүнө 11 жолу, эртең мененки саат 8ден кечки 20.00гө чейин чыгат. Радиостанциянын жаңылыктары бул - республикада болуп жаткан окуяларды объективдүү жана ыкчам баяндоо. Жаңылыктар кызматы Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кыргызстандагы "Internews Network" өкүлчүлүгү тарабынан сыйланган.

                                     

4. "Кыргызстан Обондору" үналгысынын өздүк сайты

www.obondoru.kg - радионун интернет баракчасындагы жашоосу.

  • Кыргызстандын шоу-бизнеси тууралуу жаңылыктар.
  • Радиостанциянын жашоосу жөнүндөгү эксклюзивдүү аудио жана видео отчеттор.
  • Ди-джейлердин өз баракчалары.
  • Жаңы хит жана клиптердин бет ачаары.
  • Акыркы окуялар, жаңылыктар.
                                     

5. Сыйлыктары

Радиостанция жамаатынын жетишкендиктери төмөнкү наамдар менен сыйланган,

  • Радиостанциялардын арасында өткөрүлгөн "Fmmy 2003" фестивалынын "Кыргыз тилин жайылтуу үчүн" номинациясы.
  • Кыргыз Республикасынын Президенти алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссия тарабынан "Улуттук тилди өнүктүрүү үчүн" ардак грамотасы менен сыйланган.
  • "Алтын калем" Президенттик сыйлыгы Золотое перо 2001.
  • "Кыргызстандын жыл тандоосу" боюнча "2003-жылдын Кыргызстанда №1-мамлекеттик тилдеги тармактык радиостанциясы".
                                     
  • радиолорубуз өтө эле аз. Мен билгендерден саналуу гана: Миң Кыял, Кыргызстан обондору Санжыра радиосу жана Хит Fm гана бар. Буларды угуу үчүн интернет
  • МГц Кыргызстан обондору радиосу FM 106, 5 МГц Макс радиосу FM 106, 0 Хит FM радиосу 105, 6 МГц Пирамида радиосу FM 105, 0 МГц Радио Русское
  • Түкөм ырдап чыкты, ырдаганда да кандай 70 - жылдары Насыйкат таңды - кечке радио менен теледен түшпөй калды го... Кетмен - Төбө жергесине сапар буйруп, экөөбүз

Users also searched:

кыргызстан обондору, радио,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →