Back

★ Борбиев, Нуртай

                                               

Ак илбирстин тукуму

"Ак илбирстин тукуму" - 1984 жылы режиссёр Төлөмүш Океев тарабынан "Кыргызфильм" студиясында тартылган, эки бөлүмдүү совет-көркөм тасмасы. Тасманын бет ачаары 1985 жылы апрель айында болгон. Кинону көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алган.1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын утуп алган. 1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгына ээ болгон.

                                     

★ Борбиев, Нуртай

Борбиев Нуртай кинооператор, кинорежиссёр, КРдин эл артисти, КРдин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. Бишкек айыл чарба техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүгкөн. 1959-ж. "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун жардамчысы катары эмгек жолун баштаган. 1961-66-ж. Өз алдынча оператор, 1966жылдан операторлук менен катар эле режиссёрлук иш жүргүзгөн. 1990-жылдан "Келечек" киностудиясынын вице-президенти, Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун профессору. Оператор катары тарткан көрүнүктүү чыгармалары: "Алай карларында", "Манасчы", "Тору-Айгыр тумшугу", "Мурас", "Советтик Кыргызстан" документ фильмдери, "Шаркыратма", "Түркүн тагдырлар", "Кошой таш", "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү жаңырыгы", "Маңкурт", "Азиат" көркөм фильмдери. Режиссёр катары "Айдың", "Дунгандар", "Тынчсыздануу", "Жер деген эмне?" документ фильмдерин тарткан. "Саманчы жолу" көркөм фильминде, "Көчө" фильминде чебер ойногон. Өзү тарткан бир катар документ фильмдердин сценарийинин автору. Тарткан фильмдеринин басымдуу көпчүлүгү эларалык сыйл. ээ болуп, айрымдары үчүн профессионал оператор катары 1-байгени алган. Медалдар менен сыйланган.

                                     

1. Колдонулган адабияттар

  • "Кыргызстан". Улуттук энциклопедия: 2-том. / Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4.
                                     
  • Төлөмүш Океев Сценарийин жазгандар: Мар Байжиев, Төлөмүш Океев Оператору: Нуртай Борбиев Композитору: Мурат Бегалиев Сүрөтчүсү: Алексей Макаров Бийиктиги 6995
  • ассистенттигинен башталат. Анын устаттары Марлест Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиев болгон. Мен Тянь - Щань Уркуя Мурас Көчө жана башка белгилүү

Users also searched:

борбиев, нуртай, дунгандар. борбиев, нуртай,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →