Back

★ Усун маданияты

                                     

★ Усун маданияты

Усун маданияты. Биздин заманга чейинки 2–кылымдан биздин замандын 5–кылымына чейин усун уруу конфедерациясына кирген элдердин маданияты. Усун сак-усун маданияты деп да аталат. Теңир-Тоодо усун маданияты экиге бөлүнөт: Челпектеги топурак жерлердеги көрүстөндөр жана келгин калк менен байланыштуу өлүктөр катакомбаларда коюлган көрүстөндөр. Усун маданиятынын эстеликтери Чүй, Тала өрөөндөрүндө, Теңир-Тоодо жана Ысык-Көлдө табылган.

Бурана көрүстөнүнөн биздин заманга чейинки 3–1-кылым 50гө жакын алтын жасалгалар, алтын жалатылган жука кесиндилер, кызыл боёктун калдыктары жана темирден жасалган жаа огунун учтары табылган. Карапа идиштерди жасашкан. Башка жерлерден алып келинген байыркы заманга тиешелүү буюмдар табылган. Челпек эстеликтери да ушул мезгилге тиешелүү.

Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат көрүстөнүндө сөөк менен бирге көмүлүүчү буюмдар – колодон жасалган билерик, алтындан жасалган түстүү таштар менен кооздолгон кемердин тогоосу, тегерек тумар табылган. Көптөгөн белгилери боюнча Талас эстеликтери Чүй өрөөнүндө табылган эстеликтерге окшош келет. Челпек коргонунда адамдардын сөөгүнүн калдыктары менен бирге үй жаныбарларынын сөөктөрү, карапа идиштер, темир буюмдар, жыгач табак, коло күзгү, төөнөгүч, сөөктөн жасалган жаанын учтары жана тегирмендин ташы табылган. Көмүү салты жана карапа идиштери боюнча Челпек коргону Бурана көрүстөнүнө окшош.

Теңир-Тоодогу Айгыр-Жал көрүстөнүндө карапа идиштер, жыгач стол, табак, чөйчөк, үч буттуу темир казан, сөөктөн жасалган жаа огунун учтары жана темир кылыч табылган. Көмүү салты боюнча Айгыр-Жал эстеликтери Кара-Булак тайпасынын маданиятына окшош келет.

Усун маданиятынын эстеликтери Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Жерге коюунун эки түрү кездешип, маркум менен кошо көмүлүүчү буюмдар темир жана карапа идиштер аз санда табылган. Усун маданияты Евразия мейкиндигинде көчмөн жана отурукташкан дыйканчылык маданияттарынын өз ара таасири аркылуу өткөн.

                                     

1. Колдонулган адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003." Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”" И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”" Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов”." Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов төрага Т. Н Өмүрбеков”

                                     
  • маданият Пазырык маданияты Шоробашат маданияты Усун маданияты Гиссар маданияты Чуст маданияты Афанасьев маданияты Андронов маданияты Аркаим Палеолит Эрте
  • сактардын күмбөздөрү. Ошол эле доордо бул аймактарда отурукташуу - дыйканчылык маданияты жаралган. Айрым жазуу булактарында Чигу шаарынын Кызыл - өрөөн шаары эскерилиши
  • тарыхынын эрте темир доор учуру байыркы көчмөндөр деп аталган сак, массагет, усун хунну, юэдж, кангюй урууларынын жана Даван мамлекетинин тарыхы менен тыгыз
  • төккөн, кийиз менен капталган тегерек жалпак үйдө жашап, эт жеп, сүт ичкен усун падышасына күйөөгө берип салды деп муңканган. Кытайлардын Ферганага жортуулу
  • башталышы менен Кыргызстандын аймагында сак б. з. ч. 7 3 кылымдары жана усун б. з. ч. 3 - кылым б. з. 5 - кылым уруу бирликтери түзүлгөн. Бул уруу союздары
  • Н. Аристов Теӊир - Тоо кыргыздарын байыртадан бери ушул чөлкөмдү жердеген усун жана сактардын тукуму деп эсептеген. Н.Я.Бичурин болсо Теӊир - Тоо кыргыздарын
                                     
  • 161 - 158 - жылдардын аралыгында хуннулардан көзкаранды эмес деп жарыяланып, Усун го усундардын мамлекети түзүлгөн. Усундардын башчысы куньмо күн - бий
  • берүүдө. Узакка барбай эле, Борбордук Азиянын түндүк - чыгыш аймагындагы сак - усун доорунан калган Эшик казакча Есик: орусча - Иссык жазмасын алсак күнү - бүгүнкүгө
  • Уран Сарбагышев Уркаш Мамбеталиев Уруулар Устара Устукан Устукан, жилик Усун мамлекети Утби, Абу Наср Мухаммед Учсейит чокусу Учурашуу ырлары Учуул Фагинун

Users also searched:

усун маданияты, кыргыз маданияты. усун маданияты,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →