Back

★ Өзбекстан

                                               

Өзбекстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

Өзбекстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 3 түрү боюнча 4 спортчусу менен катышат. Олимпиада 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт.

                                               

Өзбекстан 2018 жайкы Азия оюндарында

Калып:Өзбекстан Азия оюндарында Өзбекстан 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган 2018 жайкы Азия оюндарына 149 спортчусу менен, спорттун 28 түрү боюнча катышат.

                                               

UTC+5

Түркмөнстан. Франциянын Түштүк жана Антарктидалык аймактары Франция. Казакстан. Өзбекстан. Пакистан. Орусия. Херд жана Макдональд аралдары Австралия. Тажикстан. Мальдив аралдары.

                                               

9-май

Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Беларусия, Молдова, Армения, Сербия, Грузия, Түркмөнстан, Израиль - Жеңиш күнү. Өзбекстан - Эскерүү күнү. Украина - Экинчи Дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүү күнү. Дания - Гельголандык салгылашуу. АКШ - Индейлер күнү, Мугалимдер күнү.

                                               

Өзбекстан Олимпиада оюндарында

                                               

Өзбекстан 2016 жайкы Олимпиада оюндарында

                                               

2018 күрөш боюнча Азия чемпиондугу

2018 күрөш боюнча Азия чемпиондугу - 27-февралдан - 4-мартка чейин. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында болуп өткөн. Мелдешке катышуучу өлкөлөр:Ооганстан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Монголия, Палестина, Катар, Тайбэй, Таиланд, Түркмөнстан

                                               

Навои

Навои – Өзбекстандагы шаар. Навои облусунун административдик борбору. Заравшан өрөөнүндө жайгашкан. Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкенттен 360 км түштүк-батышта. Калкы 163.6 миң. Темир жол бекети. Жол тоому. ГРЭС, химиялык, пахта тазалоо, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эки институт, академиялык лицей, 6 коллеж, китепканалар, 2 музей, театр жана башка бар. Өзбек акыны А. Навоинин ысмынан аталган. Навоиге жакын 10–11-кылымдагы мавзолей жана1558–59-жылдардагы ханака сакталган. 2001-жылы А. Навоинин 560 жылдык маарекеси өткөрүлүп, анын айкели орнотулган.

                                               

Мамлекеттер аралык авиация комитети

Мамлекеттер аралык авиация комитети, орусча: Межгосударственный авиационный комитет) – Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин жарандык авиация жана аба мейкиндигин колдонуу боюнча аткаруучу орган. 1991-жылдын 30-декабрында кол коюлган өкмөттөр аларык" Жарандык авиация жана аба мейкиндигин колдонуу боюнча макулдашуунун” негизинде түзүлгөн. Комитеттин башкы кеңсеси Москвада, Россияда, жайгашкан. 2011-жылдан бери директору – Татьяна Анодина. Макулдашуунун мүчө-өлкөлөрү: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Грузия, Казахстан Республикасы, Кыргыз Респуб ...

Өзбекстан
                                     

★ Өзбекстан

Өзбекстан - Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. "Өзбекистан" жана "Өзбекстан Республикасы" деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан. Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана, Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.

                                     

1. Тарыхы

Өзбек элинин тарыхы Борбор Азиянын башка түрк элдеринин тарыхы менен тыгыз байланыш жана азыркы Өзбекстандын чегинен ары чыгат. Өзбекстандын аймагында эң алгачкы мамлекеттердин пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарга тийиштүү. Ал кезде Хорезм жана Бактрия сыяктуу мамлекеттер түзүлгөн. Заманбап Өзбекстандын аймагындагы байыркы шаарлар болуп Ташкен, Букар, Самаркан, Хива, Шахрисабз, Карши, Термез жана Маргалаң эсептелет.

Биздин заманга чейинки 329-327 жылдары Александр Македонский Согдиана жана Бактрияны басып алып, Бактриянын жергиликтүү башкаруучунун кызы Роксанага үйлөнгөн. Басып алуучуларга катуу каршылык көрсөтүлүп, Александрдын аскерлерин ушул аймакта кармап калуусун көздөшкөн.

Биздин заманга чейинки IV кылымдан баштап байыркы Хорезмдин гүлдөшү башталат. 305-995-жылдары Хорезмди Афригидтердин хорезмшахтарынын династиясы башкарган.

VI - VII кылымдарда Өзбекстандын аймагынын бөлүгү Түрк Каганаты жана Сасанид Империясынан көз каранды болгон Согдиана жана Бактриянын курамына кирген. Араптар басып алгандан кийин Арап Халифатынын курамына кирген. Улуттук-боштондук кыймылдардан улам Тахириди жана Якубийон сыяктуу династиялар пайда болгон. IX кылымдын экинчи чейрегинен баштап Саманийлер Мовароуннахр жана Хоросондун аймактарын бириктирип, Саманийлер мамлекетин түзүшкөн. Саманийлер башкарган учурда X кылымга чейин сакталган мамлекетти башкаруу негиздери түзүлгөн. Ушул мезгилде региондо илим, маданият, поэзия өнүгүп баштаган.

X кылымдын аягында Саманийлер мамлекети Караханийлер жана Газневилер көчмөн элдеринин кысымынан улам кыйраган.

XII - XIII кылымдын башында азыркы Өзбекстандын аймагы, 1219-1221 жылдары Чыңгызхандын моңголдору басып алган Хорезмшахтар мамлекетинин курамына кирген. Кийин Өзбекстандын аймагы Чыңгызхандын уулдары Жучу Хан менен Чагатайдын улустарынын курамына кирген.

XIV кылымда Аксак Темир башкарган 1336-1405. Согуштук жүрүштөрүндө мамлекетинин аймагын бир кыйла кеңейткен жана көп чектеш аймактарды басып алган. ал аймактардын ичинде: Персия, Кичи Азия, Түндүк Индия, Закавказье, Чыгыш Дашт-и-Кыпчак жана башка. Аксак Темирдин мамлекетинин борбору Самаркан болгон. Тимурийлер доорунда аймактын илими жана маданияты гүлдөйт.

1499-жылы Дашт-и-Кыпчак талаасынан азыркы Өзбекстандын аймагына Шейбани хандын аскерлери кирип келет. Шейбанийлер 1500-1501-жылдары Тимурийлердин борбору Самарканды басып алгандан улам Тимурийлер мамлекети кулаган жана Шейбанийлер мамлекети негизделген.

Убакыт өткөн соң Шейбанийлер мамлекети Хива хандыгы жана Букар хандыгы болуп экиге бөлүнүп калган. Хорезмде такка Шейбанийлердин туугандары Арабшахийлер чыгышкан. Букар хандыгында башкарган династия болуп Шейбанийлер болуп турган 1500-1601. Андан соң Аштарханийлер бийликке келген. Аштарханийлерден кийин такка Маңгыттар чыгып, хандыкты Букар эмирлигине айлантышкан.

XVIII кылымдын башында Хива хандыгындагы бийлик Арабшахийлерден казак чингизидтерине өткөн, кийин 1770 жылдан 1920 жылга чейин коңурат уруусунун династиясынын колунда болгон.

1709-жылдан 1876-жылга чейин азыркы Өзбекстандын аймагында, "миң" деген уруусу түптөгөн Кокон хандыгы бар болгон.

Орусыя империясы Өзбекстандын аймагын басып алуу аракетинин башында, бул аймакта үч мамлекеттик түзүлүш бар болчу, алар: Бухара эмирлиги, Кокон хандыгы жана Хива хандыгы. 1876-жылы Орусыя империясы Кокон хандыгын талкалаган, хандык жоюулуп, борбордук аймактары Фергана облусунун курамына кирген.

XX кылымдын башында Борбор Азия Орусия империясынын курамында болот. Советтик бийлик орноп баштаганда, бүткүл Борбор Азия Советтик Союздун бөлүгү болот. 1924-жылдын 27-октябрында Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы түзүлөт, борбор шаары - Самаркан.

1930-жылдын 1-сентябрында Өзбек ССРинин борбор шаары Самаркандан Ташкенге которулат.

1991-жылдын 31-августунда Президент Ислам Каримовдун демилгеси менен Өзбекстандын көз карансыздыгы жарыяланган. Ошол эле күнү Өзбекстандын Жогорку Кеңеши" Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” токтомун жана "Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн негиздери жөнүндөгү" Мыйзамын кабыл алган. Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы Өзбекстан Республикасы деп аты алмаштырылган.

1-сентябрда Өзбекстандын Эгемендүүлүк Күнү белгиленет.

Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылдын 8-декабрында кабыл алынган.

                                     

2. Географиясы

Чек аранын узундугу - 6221 чакырым.

Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги - 4643.3 м Ысар тоо кыркасы. Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери - −12.7 м Кызыл-Кум чөлү.

Климаты чукул континенталдык. Январдын орто температуралары - +4 °Cдан −10 °Cга чейин, Июль айынын орто температурасы +22 °Cдан +32 °Cга чейин. Эң төмөнкү температура - -38°С.

Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.

                                     

3. Административдик-аймактык бөлүнүшү

Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынанкартада - 14, облустардан өзб. viloyat, айыл тибиндеги райондордон өзб. tuman, шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат. Өзбекстандын борбору- Ташкенкартада - 1, борбордук кармагындагы шаардын статусуна ээ.

Өзбекстан Республикасынын облустары:

  • Анжыян облусу 2.
  • Букар облусу 3.
  • Жызак облусу 5.
  • Самаркан облусу 9.
  • Баргана облусу 4.
  • Ташкен облусу 12.
  • Навои облусу 7.
  • Хорезм облусу 13.
  • Наманган облусу 6.
  • Сурхан-Дарыя облусу 11.
  • Сыр-Дарыя облусу 10.
  • Кашка-Дарыя облусу 8.
                                     

4. Калкы

2014-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 30 миллион адамдан ашкан, анын ичинен 51% - шаар калкы, 49% - айыл калкы. Бир жыл аралыгында 2013-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 1-январына чейин Өзбекстандын калкы 495.1 миң адамга көбөйгөн. 2013-жылы туулгандардын саны 674.9 миң, каза болгондордун саны 145.0 миң адамды түзгөн.

Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65.8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусыя жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.

                                     

4.1. Калкы Калктын улут курамы

2000-жылга карата калктын улут боюнча бөлүштүрүүсү

  • Жөөтөр - 10-20 миң адамдын тегерегинде.
  • Кыргыздар - 2.5 миң адам.
  • Немистер - 7.9 миң адам.
  • Түрктөр - 10 миң адам.
  • Гректер - 10 миң адам жана башкалар.
  • Өзбектер - 28 млн. 959 миң адам калктын 88 %.
  • Каракалпактар - 504 миң адам.
  • Түркмөндөр - 152 миң адам.
  • Азербайжандар - 36 миң адам.
  • Орустар - 399 миң адам.
  • Беларустар - 20 миң адам.
  • Парстар - 30 миң адамдын тегерегинде.
  • Армяндар - 42 миң адам.
  • Корейлер - 164 миң адам.
  • Кырым татарлары - 10 миң адам.
  • Украиндер - 105 миң адам.
  • Букар жөөттөрү - 9.7 миң адам.
  • Уйгурлар - 20 миң адам.
  • Казактар - 390 миң адам.
  • Тажиктер - 299 миң адам.
  • Татарлар - 324 миң адам.
                                     

4.2. Калкы Тили

Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик тили - өзбек тили. Маанилүүлүгү боюнча орус тили экинчи орунда турат. Орус тилин калктын чоң бөлүгү колдонот. Англис тилин үйрөнүү мамлекет үчүн абдан маанилүү. 2013 / 2014-окуу жылынан баштап мектепте 1-класстан баштап англис тилин сөзсүз үйрөнүү киргизилген.

Өзбек тилинен тышкары, бир катар аймакта башка тилдер да колдонулат. Каракалпакстан автономиялуу республикасында каракалпак тили да ырасмий тил болуп саналат.

Жалпысынан Өзбекстанда өзбек мектептеринен тышкары 848 орус, 417 казак, 377 каракалпак, 256 тажик, 60 кыргыз, 43 туркмөн мектептери бар.

                                     

5. Маданияты

Өзбекстанда маданият жана коомдук мамиле көп кылымдуу тарыхка ээ. Массалык маалымат каражаттарынан 1300дөн жогору Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясын, аймактык теле- жана радиокомпанияларын, FM-радиостанцияларын, өкмөттүк гезиттерди жана интернет-каражаттарды белгилесе болот. Санариптик технологияга өтүүнүн натыйжасында Өзбекстандын теле- жана радиоиндустриясынын өнүгүүсү күчөдү.

Өзбекстанда гезиттер өзбек, каракалпак, тажик, казак, орус жана башка тилдеринде басып чыгарылат.

                                     

5.1. Маданияты Маданият мекемелери

  • "Өзбекмамцирк" Республикалык бирикмеси.
  • Академиялык, элдик жана көркөм коллективтердин дирекциясы.
  • Көркөм экспертиза башкармасы.
  • Республикалык методикалык жана маалымат борбору.
  • "Шарк тароналари" эл аралык музыкалык фестивалынын башкы дирекциясы.
  • Чыгармачыл жаштар үйү.
  • "Өзбекракс" улуттук бий бирикмеси.
  • Оркестрлер.
  • "Өзбекмузей" Республикалык фонду, республиканын музейлери.
  • Элдик чыгармачылыктын жана маданий-агартуу кызматынын Республикалык илимий-методикалык борбору.
  • "Өзбекнаво" эстарда бирикмеси.
  • "Өзбектеатр" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси.
  • Маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча башкы илимий-өндүрүштүк башкарма.

Республикада 40ка жакын театр иштейт, алардын ичинде - Алишер Навои атындагы Мамлекеттик Академиялык Чоң Театр, Илхом театры. Искусствого Өзбекстан Улуттук симфониялык оркестри чоң салымын кошот.

                                     

5.2. Маданияты Мамлекеттик майрамдары

1992-жылдын 2-июлунда Олий Мажлис "Майрамдык күндөр жөнүндө" законун кабыл алып, төмөнкү күндөрдү майрамдык деп жарыялаган.

  • 9-май - Жеңиш жана Ардак күнү.
  • 14-январь - Мекенди коргоо күнү.
  • 1-октябрь - Мугалим жана Устат күнү.
  • Орозо айт жана Курман айт диний майрамдары.
  • 8-декабрь - Конституция күнү.
  • 21-март - Нооруз.
  • 8-март - Эл аралык аялдар күнү.
  • 1-январь - Жаңы Жыл.
  • 1-сентябрь - Эгемендүүлүк күнү.

Мекенди коргоо күнүнөн тышкары, баардыгы иш күнү эмес деп эсептелинет.

                                     
  • Өзбекстан ифтихори өзбекчө: O zbekiston iftixori - Өзбекстандын сыймыгы которулду - Өзбекстандын ардактуу наамы, Өзбекстан Республикасынын 1998 - жылдын
  • Өзбекстан Республикасынын баатыры өзб. Ўзбекистон қаҳрамони, Oʻzbekiston qahramoni - Өзбекстан Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы
  • Buyuk xizmatlari uchun - Өзбекстан Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы. 1996 - жылы 29 - августта Өзбекстан Республикасынын 251 - I мыйзамынын
  • Файл: Tashkent State University 1977 Ukraine.jpg Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук Университети өзбекчө: Mirzo Ulugʻbek nomidagi Oʻzbekiston Milliy Universitet
  • Өзбекстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 3 түрү боюнча 4 спортчусу менен катышат. Олимпиада 24 - июлдан 9 - августка чейин Жапониянын Токио шаарында
  • Өзбекстан 2018 кышкы Олимпиада оюндарына спорттун 2 түрү боюнча 2 спортчусу менен катышат. Олимпиада 9 - февралдан - 25 - февралга чейин Түштүк Кореянын Пхёнчхан
  • Өзбекстан Республикасы 12 аймактан жана курамындагы Автономдуу Каракалпакстан Республикасынан түзүлгөн: 1. Анжыян 2. Наманган 3. Фергана 4. Ташкен 5.
  • Өзбекстан 2016 жайкы Паралимпиада оюндарында - Спорттун 8 түрү боюнча 32 спортчусу менен катышат.
  • Өзбекстан - Түрквизион ыр сынагына 2013 - жылдан бери катышып келет.Сынакка мамлекеттин атынан алгачыкы жолу Нилюфар Усманова катышкан.     Жеңиш     Экинчи
  • Дустлик ордени Өзбекстан Республикасынын жогорку даражадагы улуттук мамлекеттик сыйлыгы. 1994 - жылы 5 - 6 майда өткөн Өзбекстан республикасынын парламентинин
  • драма театрын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти, Улуу Ата - Мекендик согуштун ардагери.
  • Шухрат медалы  өзб. Shuhrat medali - Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы. 1994 - жылы 5 майда Өзбекстан Республикасынын мимлекеттик сыйлыктары
  • театрын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер, Өзбекстан эмгек сиңирген артисти, Улуу Ата - Мекендик согуштун ардагери. 1977 жылы
                                     
  • Журахон Рахмонов Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун 164 Жарлыгы менен Өзбекстан эмгек сиңирген артисти ардак наам менен сыйланды. 28 августда - Журахон
  • Калып: Өзбекстан Азия оюндарында Өзбекстан 18 - августтан 2 - сентябрга чейин өтө турган 2018 жайкы Азия оюндарына 149 спортчусу менен, спорттун 28 түрү боюнча
  • Набайы эларалык абамайданы өзб. Navoiy Xalqaro Aeroporti - Өзбекстан Республикасындагы Набайы шаарынын эларалык абамайданы. Абамайданга Алишер Набайынын
  • 2016, Ташкен, Өзбекстан - советтик жана өзбекстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Өзбекстан Республикасынын туңгуч Президенти, Өзбекстан Илимдер Академиясынын
  • 2018 күнү өткөн беттеш тер боюнча жаңыртылган. Булак: Rules for classification: Өзбекстан v Башкыртстан Башкыртстан v Франция Өзбекстан v Франция
  • Эл - юрт Хурмати кыргызча ордени Өзбекстан Республикасынын улуттук мамлекеттик сыйлыгы.
  • мамлекеттерде жана аймактарда колдонулуучу убакыт аралыгы: Орусия Казакстан Өзбекстан Түркмөнстан Тажикстан Пакистан Мальдив аралдары Франциянын Түштүк жана
  • Термез эларалык абамайданы өзб. Termiz Xalqaro Aeroporti - Өзбекстан Республикасынын Суркандарыя облусундагы Термез шаарынын эларалык абамайданы.. 2019 - жылдын
  • Абдурахмонович төр. 22 май 1969, Өзбек ССРи, СССР - Өзбекстандын саясий ишмери. Өзбекстан эл - демократык партиясынын төрөгасы. Хотамжон Кетмонов 1969 жылы 22 майда
  • Нарын Куралдуу Күчтөрүндө жана Өзбекстан Республикасынын өзб. Oʻzbekiston Respublikasi Qurolli KuchlariOʻzbekiston Respublikasi Qurolli Kuchlari - бул
  • Каршы эларалык абамайданы өзб. Qarshi Xalqaro Aeroporti - Өзбекстан Республикасынын Кашкадарыя облусундагы Каршы шаарынын эларалык абамайданы.
  • Молдова - Монголия Непал - Нидерланд - Норвегия - Нью - Джерси Ооганстан Өзбекстан Пакистан - Перу - Польша - Португалия Россия - Румыния Хорватия Сан Марино
                                     
  • Yo ldoshev 5 ноябрь 1962, Ташкент - Өзбекстандын мамлекеттик ишмери жана Өзбекстан Республикасынын президентик кызматынын милдетин 2016 жылдын 2 сентябрынан
  • Коңурат - Өзбекстан Республикасындагы Каракалпакстандын түндүк - батыш тарабындагы Коңурат шаарынын мурдагы абамайданы. Шаардан 1 чакырым түндүк - чыгышка
  • viloyati - Өзбекстан борбордук бөлүгүндө жайлашкан аймак. Административдик бобору - Гулистан шаары. Бул облус 1963 - жылы 16 - февралда Өзбекстан Республикасынын
  • Nukus Xalqaro Aeroporti, каракалп. No kis Aeroportı, Нөкис Аэропорты - Өзбекстан Республикасына караштуу, Каракалпакстан Руспубликасынын борбору Нүкүс
  • Молдова, Армения, Сербия, Грузия, Түркмөнстан, Израиль - Жеңиш күнү. Өзбекстан - Эскерүү күнү. Украина - Экинчи Дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүү күнү
Өзбекстандын абамайдандарынын тизмеси
                                               

Өзбекстандын абамайдандарынын тизмеси

Аэропорты Узбекистана. World Aero Data. "Өзбекстан Аба Жолдору" улуттук абакомпаниясынын ырасмый сайты. Местонохождение ИКАО в государствах PDF. Международная организация гражданской авиации. Аэропорты Узбекистана. Great Circle Mapper. Коды расположения ООН: Узбекистан. UN / LOCODE 2012-1. ЕЭК ООН. - коды IATA.

                                               

2017 күрөш боюнча Азия чемпиондугу

Мелдешке жалпысынан 19 өлкөдөн 255 балбан катышкан. Төмөндөгү жадыбалда ар бир өлкөнүн спортчуларынын саны жазылган. Кытай Тайбэйи 11. Иран 16. Таиланд 10. Казакстан 24. Түркмөнстан 3. Шри-Ланка 10. Кытай 22. Жапония 24. Камбоджа 1. Тажикстан 12. Индия 24. Өзбекстан 24. Вьетнам 5. Кыргызстан 17. Катар 2. КЭДР 9. Палестина 1. Моңголстан 16. Корея Республикасы 24.

Users also searched:

өзбекстан, кыргызстан шаарлары. өзбекстан,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →