Back

★ Кыргызстан

                                               

Кыргызстан 2016 жайкы Паралимпиада оюндарында

Кыргызстан 2016 жайкы Паралимпиада оюндарына спорттун 2 түрү боюнча 3 спортчусу менен катышат. Кыргыз делегациясынын курамында Марат Аскарбеков, Бакыт Исаков, Аднан Жабраилов, Эсен Калиев, Жыргалбек Оросбаев жана Арстанбек Базаркулов бар.

                                               

Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 3 түрү боюнча 5 спортчусу менен катышат. Олимпиада 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт.

                                               

Кыргызстан 2018 кышкы Олимпиада оюндарында

Кыргызстан 2018 кышкы Олимпиада оюндарына спорттун 2 түрү боюнча 2 спортчусу менен катышат. Олимпиада 9-февралдан - 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтөт.

                                               

Кыргызстан 2018 жайкы Азия оюндарында

Кыргызстан 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган 2018 жайкы Азия оюндарына 149 спортчусу менен, спорттун 28 түрү боюнча катышат. Ал эми Кыргыз Республикасынын туусун волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыкты. Кыргызстан делегациясында жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у спортчу. Калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер. спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат. Азия оюндары 18-августтан 1-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт

                                               

Кыргызстан 2012 жайкы Паралимпиада оюндарында

                                               

2020 Кыргызстан футбол чемпиондугу

2020 Кыргызстан футбол чемпиондугу - Кыргызстан футбол лигаларынын тутумунун жогорку дивизионунун 29-мезгили. Кыргызстан чемпиондугу "жаз-күз" системасы боюнча уюштурулат. Чемпиондук наамды Бишкектик "Дордой" коргоодо. Мелдеш титулдук демөөрчү "Шоро" компаниясынын каржылык колдоосу менен өткөрүлөт жана Шоро Премьер Лигасы деп аталат. 2020-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө максатында Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын КПФЛ жалпы жыйналышында Шоро Премьер Лигасынын беттештерин 11-апрелге чейин токтото тур ...

                                               

Кыргызстан 2017 кышкы Азия оюндарында

Кыргызстан 2017 кышкы Азия оюндарына 33 спортчусу менен, спорттун 4 түрү боюнча катышат: хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан. Делегацияга спортчуларды кошкондо 39 адам кирет. Спортчулардын аталган мелдешке катышуусу үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 миллион 737 миң сом бөлүнгөн.

                                               

UTC+6

                                               

Кыргызстан 2014 кышкы Олимпиада оюндарында

7-февралдан 23-февралга чейин Орусиянын Сочи шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 1 гана спортчу катышат. Сочи олимпиадасына катышууга укук берген жолдомону тоо лыжасы боюнча спорт чебери Дмитрий Трелевский гана алды. Себеби ал эки жыл аралыгында дүйнө кубогунун мелдештерине катышып, Сочи олимпиадасына жолдомо алууга жеткидей упай топтой алган.

                                               

Портал:Спорт/Кыргызстан

                                               

Портал:Инсандар/Кыргызстан

                                               

Лямблия

Лямблия – зоомастигин классындагы шапалактуулар уруусу. Сүт эмүүчүлөрдүн, жерде-сууда жашоочулардын, айрым омурткасыздардын митеси. Лямблиянын 2 сүйрү ядросу, 4 жуп шапалагы бар. Денеси алмуруттай, узундугу 8–30 мкм. Жону томпок, курсак жагы ийилип, ээсинин ичегисине жабыша турган соргучка айланган. Узунунан бөлүнүп көбөйөт. Ичегинин төмөн жагына келгенде цистага айланып, сыртка чыгат да, соо кишинин ичке ичегисине, өт жолдоруна кирип, лямблиозду пайда кылат. 100дөн ашык түрү бар. 10 түрү сүт эмүүчүлөрдүн, 1 түрү жерде-сууда жашоочулардын митеси.

                                               

Астрометрия

Астрометрия - астрономиянын бир бөлүмү. Ал Ааламдын мейкиндиктеги картинасын түзүү үчүн асман объектилеринин геометриялык, кинематикалык жана динамикалык касиеттерин изилдейт. Астрометрия методу асман объектилеринин параллаксын, планета жана жылдыз орбиталарын, алардын бетиндеги нерселердин өлчөмүн, жайгашышын ченейт. Астрометриянын маалыматтары астрономиянын асман механикасы, астрофизика, жылдыздар астрономиясы, геодезия жана геофизикада кеңири колдонулат. Астрометриянын негизги милдети – астрономиялык туруктуу чоңдуктардын сан маанилерин аныктоо, жылдыздардын абалын жана өздүк кыймылдары ...

                                               

Тахеометр

Тахеометр – тахеометриялык съемка жүргүзүүдө колдонулуучу геодезиялык прибор. Тахометр орнотулган белгилүү бир чекит менен аныкталуучу чекиттин горизонталь жана вертикаль бурчтарын, аралыгын, бийиктигин салыштырмалуу түрдө аныктайт. Тахометр айлантма, номограммалык, авторедукциялык жана ички базалык болуп ажыратылат.

                                               

Бозе газы

Бозе газы Бозе-Эйнштейн статистикасына багынуучу нөл же бүтүн сандуу спини бар микробөлүкчөдөн турган кванттык газ. Өз ара аракеттешпөөчү бозе газы идеалдык бозе газы деп аталат. Ага фотон газы, ошондой эле кээ бир квазибөлүкчөлөрдүн газы кирет.

Кыргызстан
                                     

★ Кыргызстан

Кыргызстан, расмий түрдө Кыргыз Республикасы - Борбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө.

Кыргызстан - унитардык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет.

Борбор шаары - Бишкек, калк боюнча республиканын эң ири шаары. Анын туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат.

Өлкөдөгү турукту калктын саны 2021-жылдын башына карата баалоо боюнча 6.6 миллион ашуун адам түзөт. Кыргызстан 2020-жылдын башына карата бааланган калкы боюнча дүйнө жүзүндө 110 орунду ээлеген. 25 ноябрь 2015-жылы Кыргызстандын 6-миллиончу жараны туулган.

Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4.4 % түзөт.

Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адам дарамети өсүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0.697 орточо түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген.

Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле өлкө КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк Кеңешинин, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар уюмдардын мүчөсү.

                                     

1. Этимология

"Кыргызстан" ― өлкөнүн аталышы "кыргыз жери" дегенди билдирет. Ал "кыргыз" этнониме перс фарс тилинен алынган "стан" суффиксин кошуусу менен жаралган.

Кыргызстан өлкөнүн аталышы катары азыркы чек арадагы 1924-жылы негизделген чөйрөсү тууралу айтылат. Андан тышкары азыркы учурдагы анын чөйрөсүндөгү болуп турган жана социалдык, маданий, саясий орун басуучулук менен 1991-жылы түптөлгөн мамлекетти ― Кыргыз Республикасын да билдирген кыскача, расмий аталыш.

                                     

2. Тарых

Кыргыздардын тарыхы XXII кылымдан 2200-жыл ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан.

                                     

2.1. Тарых Байыркы мезгил

Кыргызстандын территориясында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган.

Энеолит доору Саймалы-Таш капчыгайындагы таштарга чегилип тартылган сүрөттөрдүн байыркы бөлүгүнөн көрүнөт. Бул орто кылымдарга чейинки энеолит жана коло доорунун ыйык саналган зор борбору.

Булактарга ылайык Орто Азиянын мал баккан элдери биздин эрага чейинки I миң жылдыкта" сактар” деп аталган. Алар биздин эрага чейинки I миң жылдыкта Борбор Азиянын саясый окуяларында жигердүү роль ойногон жоокер уруулары болгон.

Биздин эрага чейинки III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ Маодунь ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь Кыргыз ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу" кыргыз” этноними эскертилет.

Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Күнбаг ккэ бир булактарда Күнбий б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин курамына кирген. Даван байыркы перси булактары боюнча – Паркана калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104 - 99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган.

VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн 551 - 744. VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон.

Батыш Түрк каганаты 603 - 704 Чыгыш Түркстандан, Тянь-Шань тоолорунан жана Жети-Суудан тартып, Түндүк Кавказга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Администрациялык-саясий жана башкы соода борбору Суяб шаары Токмок шаарына жакын Ак-Бешимдин урандылары болгон.

Батыш Түрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты 704 - 746 өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында 820 - 841 кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген.

Карахан каганатынын түзүлүүсү менен X кылымдын башы XIII кылымдар Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн улуу чыгармаларын жаратышкан.

Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды" Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат.

XV - XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан.

XVII кылымдын ортосунан баштап, XVIII кылымдын ортосуна чейин кыргыздар Жунгар хандыгынын басып кирүүсүнөн көз карандысыздыгын коргошкон.

XVIII кылымдын 60-жылдарында түштүк кыргыздар, андан кийин XIX кылымдын 20-30-жылдары түндүк кыргыздар Кокон хандыгынын таасиринде калат.

XVIII кылымдын аягында жана XIX кылымдын башында түндүк кыргыз уруулары Россия менен өз алдынча мамиле түзө баштаган. 1785-жылы сарыбагыш бийи Атаке баатыр биринчи өкүлдөрүн Россияга жөнөткөн. 1855-жылы бугу уруусу Россиянын букаралыгын алган. Бул Кыргызстандын Россияга кошулуу процессинин башталышы эле. 1868-жылы Кыргызстандын түндүк бөлүгү Россияга биротоло кошулган, ал эми түштүгү Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштү баскандан кийин 1876-жылы жеңип алынган.

1867-жылы Кыргызстанда Россиянын административдик-аймактык башкаруусу иштей баштаган. Падышалыктын журт котортуучулук жана салык саясаты улуттук жана экономикалык эзүүнү күчөтүп жиберген. Орто Азия элдеринин биринчи антиколониялык козголоңу Фергана өрөөнүндө 1898-жылы Анжиян шаарында болгон.

Кошулуу процесси кыргыздардын экономикалык жана чарбалык көнүмүш турмушунун акырындап өзгөрүүсүнө алып келген. Кыргыз элинин географиясын, табиятын, тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүү башталган. Бул прогрессивдүү көрүнүш эле. Бирок падышалыктын колониялык саясаты 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келгендиги, ал болсо трагедия менен аяктагандыгы белгилүү.

                                     

2.2. Тарых Кеңештер мезгили Совет мезгили

Россиядагы Октябрь революциясы 1917-ж., социалисттик түзүлүштү орнотуу, элдердин өзүн өзү аныктоо укугу жана СССРдин түзүлүшү Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый бурулуш этап болгон.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсү менен 1924-жылдын 14-октябры советтик типтеги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү башталган, бул болсо саясый татаалдашуусуз 1991-жылы толук эгемендик алууга мүмкүндүк берди.

Социализм доору Кыргызстанды кайра жаратып, аны индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Көп тармактуу өнөр жайы, курулуш индустриясы жана курулуш, транспорт, байланыш, техникалык жабдылган айыл чарбасы, соода-сатык жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү республиканын бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык курамдык бөлүктөрү болуп калды. Эмгек ресурстарын жайгаштыруу көйгөйү жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо-турмушунун материалдык деңгээли жогорулаган.

Өзгөчө отун-энергетика комплекси өнүккөн, 80-жылдарда көмүр өнөр жайынын үлүшүнө Орто Азияда өндүрүлгөн көмүрдүн 40%ына чейини туура келген. Энергетика комплекси, түстүү металлургия ийгиликтүү өнүккөн. Анда негизги орунду сурьма, сымап, чанда кездешүүчү жана башка түстүү металлдар ээлеген. Кадамжай комбинатынын сурьмасы эл аралык базарда сапаттын үлгүсү болгон. Хайдаркан сымап комбинатынын өндүрүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Айыл чарбасында жетектөөчү ролду мал чарбасы ойногон. Кыргызстан кой чарбасынын азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча СССРде үчүнчү орунда турган, алдыда РСФСР менен Казакстан гана болгон.

Өндүрүлгөн улуттук кирешенин өнүгүү темпи боюнча Кыргызстан Украина, Казакстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан жана Эстония сыяктуу союздук республикалардан алдыга кеткен. Шаарлар жана калктуу пункттар пайда болуп жана көрктөндүрүлүп турган, ал эми илимий-техникалык революция индустриалдык өнүгүүнүн гана эмес, ошондой эле социалдык маанидеги да элемент болуп калган.

Улуу Ата мекендик согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошкондугун белгилей кетүү керек, кан майданга 360 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алар баатырларча салгылашкан, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 21и үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Кыргызстан өлкөнүн бирдиктүү аскердик-чарбалык организминин ишенимдүү бастиону болуп калды. Эвакуацияланган ишканалар калыбына гана келтирилбестен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк кубатын кеңейтишкен.

Маданий курулуштун башкы багыттарынын бири сабатсыздыкты жоюу, билим берүүнүн жаңы системасын түзүү болуп калды, квалификациялуу кадрларды даярдаган жождор жана орто-атайын окуу жайлары ийгиликтүү иштеп жатты. Илимдин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө СССР ИАсынын Кыргыз филиалы 1943 чоң роль ойноду, ал 1954-жылдын декабрында республиканын Илимдер академиясы деген статус алган.

Улуттук кесипкөй адабият кыргыз тилинде жазуунун түзүлүшү менен башталган. Улуттук жана дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун Чыңгыз Айтматовго таандык, анын чыгармалары дүйнө элдеринин 80ден ашык тилдерине которулган. Профессионал кыргыз искусствосу: театр, музыка, көркөм сүрөт жана кинематография да ийгиликтүү өнүктү.

Талашсыз жакшы жактары менен бирге совет мезгили тоталитардык режимдин көптөгөн адам тагдырларын трагедияга кептеген терс көрүнүштөрү менен да тарыхта калды.

1990-ж. Жалган Куран айында СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27 Тогуз айда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15 Бештин айында Кыргыз ССР Жогорку Советинде" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22 Үчтүн айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-сессиясында" Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5 Бирдин айында республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8 Бугу айда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19 Чын Куран айда" Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.

                                     

2.3. Тарых Эгемендүү Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31 Баш Оонада" Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

1991-жылдан баштап, СССР кыйрагандан кийин кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылган. 31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялады жана реформалоо этабы башталды. КПССтин мурдагы тоталитардык-авторитардык режими авторитардык-демократиялык режим менен алмаштырылды. Демократиялык башкаруу принциптери киргизилип, жалпы элдик мамлекеттик деп аталган менчиктин ордуна жеке менчикке артыкчылык берилүү менен менчиктин ар түрдүү формалары киргизилди. Пландык экономика базар экономикасына алмашты, мурда социалдык бир түрдүү коом тез эле дифференциялашып калды. Коммунисттик идеология буржуазиялык-либералдык идеологияга жол берип, жамааттык аң-сезим жекече индивидуалдуулук менен четке сүрүлдү.

Коомдук-саясый жагынан республика мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарына ээ болду, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болуп калды. Бирок мурдагы СССРдин чарбалык байланыштарынын үзүлүп калышы республиканын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Инфляциялык процесстин күчөп кеткендигине байланыштуу 1993-жылы улуттук валюта сом киргизилген. Бул өлкөгө өз алдынча каржылык жана акча-насыя саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынат. Бирок базар экономикасынын реформаларынын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин өтө таңсыктыгына алып келди да, республика агрардык-индустриалдык өлкө болуп калды, ал эми калктын жарымына жакыны өтө жакырданып кетти.

Коррупциянын өтө күчөп кетиши, коомдун тез дифференциялашуусу, криминалдашуу, бийликтин авторитаризми Кыргызстанды иштеп жаткан режимди эки ирет кулатууга 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде алып келди. Өткөөл убактылуу өкмөттөн кийин Кыргызстанда парламенттик республика орнотулуп, Жогорку Кеңешке кеңири ыйгарым укуктар берилген.

Татаал социалдык-экономикалык кырдаалдын айынан Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзгөнгө аргасыз. Ал республикага инвестицияларды алып келүү максатында зарыл карым-катыштарды түзүп келет. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна БУУ, Дүйнөлүк Соода Уюмуна ДСУ, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна ЕККУ, ЮНЕСКОго, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине КМШ, Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна ЖККУ, Шанхай Кызматташтык Уюмуна ШКУ, Ислам Кызматташуу Уюмуна ИКУ, Экономикалык Кызматташтык Уюмуна ЭКУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгынын Кеңешине ТМКК мүчө болду, Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык коомдоштукка интеграцияланууга кадам таштап, жакынкы эле эмес, алыскы да чет өлкөлөр менен байланыштарды жөнгө салууда.

Демократиялашуу процессинин аркасында эгемен Кыргызстандын руханий турмушунда да маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушуга байланыштуу аны базар мамилелерине ыңгайлаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Экономикалык кризистин кесепеттери илимий мекемелердин иштерине да терс таасирин тийгизди. Бирок, алар, анын ичинде Илимдер академиясы да ушул татаал шарттарга ыңгайлашууга жана илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө аракетин аяган жок. Коомдун руханий кайра жаралуусу үчүн маданий мураска, атап айтсак, оозеки эл чыгармачылыгынын шедеври -" Манас” эпосуна аяр мамиле жасоо зор мааниге ээ.

Бирок терс көрүнүштөр дээрлик эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен жансактап жаткан маданият чөйрөсүнө өзгөчө залакасын тийгизгенин белгилебей коюуга болбойт. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет анын ченемдик-укуктук базасын түзүү боюнча бир катар чараларды көрдү.

                                     

3.1. География Жайгашкан жери

Кыргызстандын деңизге чыга турчу жери жок. Толугу менен Түндүк жана Чыгыш жарым шарларында жайгашкан, түндук кеңдигинин 39°11′ - 43°16′ жана чыгыш узундугунун 69°15′ - 80°18′ аралыгында. Өлкөнүн чыгышттан батышка карай 900 км, түндүктөн түштүккө карай 410 км созулат. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет.

                                     

3.2. География Мамлекеттик чек ара

Мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 4675, 17 км түзөт. Анын ичинен: 1241, 58 км - Казакстан менен, 1378.44 км - Өзбекстан менен, 970.8 км - Тажикстан менен, 1084.35 км - Кытай менен. Аны менен чек аранын 823.04 км аныкталган эмес: Өзбекстан менен ― 371.34 км жана Тажикстан менен - 451.7 км. Ошентип, Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугунан 1007.1 км такталган же 73.1 %, Тажикстан менен - 519.1 км же 53.4 %. Мамлекеттик чек ара негизи тоолордун кырларынан жана дарыялар менен өтөт.

Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Шахимардан, Чоң Кара-Калча, Таш-Дөбө жана Тажикстандын Ворух, Батыш Калача деген анклавтары бар. Ошондой эле баргана фергана өрөөнүндө Өзбекстандын аймагы менен курчалган Кыргызстандын эксклавы ― Барак айылы бар. Талаш тилкелеринде улам чыр-чатактар болууда, алар кээ бир учурларда куралдуу кагылышууга да алып келет. Акыркы эң ири куралдуу жаңжал ― 2021-жылы 28 апрелден 1 майга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон.

                                     

3.3. География Рельеф

Кыргызстандын аймагынын 3 / 4 бөлүгүн тоолор ээлейт. Өлкөүн аймагы эки тоо системаларынын айланасында жайгашкан. Түндүк-чыгыш бөлүгү Теңир-Тоого кирет, түштүк-батыш тарабы ― Памир-Алай тоолоруна карайт. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 м жогору бийиктикте жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 м. Кыргызстандын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана болжол менен үчтөн бири - 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Бийиктиги 7439 м түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери, ошондой эле дүйнөнүн эң эле түндүк тарабындагы жети миң метрге жеткен чоку. Чыгышта Теңир-Тоонун негизги тоо кырлары басымдуу тоо кырын түзүп, Меридиандык тоо кырынын районунда жакындашып кетет. Кытай жана Казакстан менен чектешкен жерде Жеңиш чокусу 7439 м жана Хан-Теңири 7010 м же муз катмарын эсептебегенде 6995 м көтөрүлүп турат. Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Теңир-Тоодо жатат. Анын маанилүү орографиялык элементтери:

  • Талас өрөөнү.
  • Чаткал тоо кыркасы.
  • Талас Ала-Тоо кыры.

Түштүктө Түркстан тоо кыркасынын түндүк жантаймасы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Памирдин түндүк чети болгон Чоң-Алай тоо кыркасынын түндүк жантаймасы Кыргызстанга карайт. Чоң-Алай тоо кыркасынын эң бийик жери ошондой эле Кыргызстандын бийиктиги боюнча экинчи жери ― Ленин чокусу 7134 м. Түштүк-батышта Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш жана түштүк чет жактары Кыргызстанга карайт.

Кыргызстандын башкы орографикалык элементтери:

  • Тескей Ала-Тоо.
  • Фергана тоо кыркасы.
  • Кунгөй Ала-Тоо.
  • Ак-Шыйрак тоо кыркасы.
  • Какшаал-Тоо.
  • Кыргыз Ала-Тоо.

Республиканын эң жапыз жери - 401 метр Кулунду айылына жакын жерде жайгашкан.

                                     

3.4. География Климат

Кыргызстанда кескин континенттик, кургакчылыкка учурай турган климат, аны бийик тоолу рельефинен булут каптыгандык менен жаан-чачын артыганы бир аз жумшартат. Мындай болушуна үч фактор себептүү: Тундүк жарым шарында, Евразиянын борборунда жайгашкандыгы, олуттуу суу жайларынан алыстыгы жана чөлдөрдүн жакындыгы.

                                     

3.5. География Мөңгүлөр

Кыргызстандын мөңгүлөрү жалаң эле республиканын тузсуз суунун кампсасы эмес, жалпы Борбордук Азиянын кампасы. Мөңгүлөрдүн эриген суулары дырыялардын башкы булагы. Өлкө аймагынын 4 % 8 миң км² жакын жайгашкан 8 миңге жакын мөңгү бар, кар эрибей жаткан жерлер менен өлкө аймагынын 40.5 % 81 миң км² жакын түзүшөт. Бул Кавказ менен Альп тоолордун мөңгүлөрүнүн чогу эсептелген аянтынан ашат. Мөңгүлөрдө 650 км³ суу муз түрүндө сакталып турат. Андан тышкары мөңгүлөр Кыргызстандын электроэнергетикалык коопсуздугунун башаты ― 2019-жылда электроэнергиясынын 92 % ГЭСтерде өндүрүлгөн.

                                     

3.6. География Дарыялар

Кыргызстанда 30 миңге жакын дарыя. Алардын жалпы узундугу болжол менен 150 миң км, башка маалыматтар боюнча - 35 миң км. Бардык ири дарыялар тоолордун бийиктигинде башталат, негизи мөңгүлөрдүн жана карлардын эриген суулары менен азыгышат. Республиканын рельефи үчүн дарыянын тоолу жана түзөң бөлүктөрү бар.

Дарыя системаларынын көпчүлүгү Арал бассейнине таандык. Башкача айтканда Борбордук Азиянын ири дарыясынын бирине - Сыр-Дарыяга Аму-Дарыя менен Арал деңизине ага турган дарыя. Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндери Арал бассейнине таандыгы менен, өз сууларын негизги суу артерияларына жеткизбейт Моюн-Кум чөлүндө кургап кетишет. Республикасынын түштүк-чыгыш аймагы Тарим дарыянын Батыш Кытайдын суу артериясы агымы пайда болуш аймагы. Каркыра дарыянын бассейни Балкаш көлүнүн бассейнине таандык.

Чоң жана Кичи Нарындын биригүүсү менен республиканын эң ири дарыясы - Нарын жаралат. Сыр-Дарыянын негизги түзүүчүсү, ошондуктан Аралдын бассейнине таандык. Республиканын аймагындагы узундугу 535 км түзөт, бассейндин аянты - 53 700 км².

Кыргызстанда эки гидрологиялык чөйрө: агымдын пайда болуш чөйрөсү жана агымдын таралыш чөйрөсү. Агымдын пайда болуш чөйрөсү республиканын 87 % камтыйт, агымдын таралыш чөйрөсү - 13 %. Ири дарыялардын таралыш чөйрөсүнүн чоң бөлүгү Кыргызстандын тышында жайгашкан. Таралыш чөйрөсү тоо жантаймаларына караганда жаан-чачындын бир кыйла аздыгы жана тез буулануу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан жердин үстундөгү агымдар пайда болушу чектелген, кээ жерлерде жок. Андан тышкары тоолордо жаралган агымдар бул жерлерден өтүп жерге сиңип кетет жана сугарууга алынат. Тоо астындагы түзөң жерлерде жер астындагы суу чыккан аймагы пайда болот, ошондой суулар көптөгөн дарыяларды кошумча толтуршат. Жер астындагы суулардын чыгышы майда агымдарын негиздешет, аларды тунук суусу үчүн "кара суу" деп аташат.

Агым режими боюнча Кыргызстандын дарыялары тянь-шань жана алтай типтерге киришет. Биринчи типтеги дарыялар негизи кар жана мөңгүнүн эриген суулары менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жайында катуу эрүү башталганда өсөт, максимумду июль-август айлырында жетет. Алтай типтеги дарыялар негизи орточо толуу аймактардын мезгилдик кары эриши менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жазында өсөт, ар кандай бийиктерде кар өз маалында эригендиктен суу ташкыны чоюлат. Жайында бул дарыялардын агымы азаят.

                                     

3.7. География Көлдөр

Кыргызстанда 1923гө жакын көл, алардын жалпы аянты 6836 км² түзөт. Көлдөрдун көпчүлүгү бийик тоолу, деңиздин деңгээлинен 2500 метрден 4000 метрге чейин жайгашкан. Көлдөрдүн пайда болушунун негизги себеби ― мөңгүңгүлөрдүн эриши. Өлкөдө үч ири көл: Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл.

Деңиздин деңгээлинен 1609 м жайгашкан Ысык-Көл - дүйнөнүн тереңдиги боюнча жетинчи орунда. Ысык-Көл Күнгөй Ала-Тоо түндүк жагынан жана Тескей Ала-Тоонун түштүк жагынан аралыгында жайгашкан. Көлдүн түндүк жагында көптөгөн пансионаттар, санаторийлер жана саякаттык базалар бар.

Ысык-Көлдөн чыгыш тарапка 105 км алыстыгында бийик тоолу Мерцбахер көлү жайгашкан. Түндүк Эңилчек менен Түштүк Эңилчектин мөңгүлөрүнүн бириккен жеринде тапса болот.

                                     

3.8. География Суу сактагычтар

Суу сактагычтар Кыргызстандын рельефине чоң таасир эткен. Өлкөдө 34 суу сактагыч саналат. Кыргызстандын алгачкы болгон Орто-Токой суу сактагычы 1956-жылы Чүй дарыясында курулган. Токтогул суу сактагычы - республиканын эң ири суу сактагычы, 1974-жылдан бери колдонулат.

                                     

4.1. Мамлекеттик түзүлүш Мамлекеттик түзүлүш

2021-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган конституцияга ылыйык Кыргыз Республикасы ― эгемендүү, суверендүү, демократиялык, укуктук, мамлектеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Конституцияда башкаруу формасы жазылган эмес, бирок нормаларына ылайык - президенттик болуп саналат.

                                     

4.2. Мамлекеттик түзүлүш Мыйзам чыгаруу бийлиги

Жогорку Кеңеш ― Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигинин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган. Кыргызстандын 2010-жылкы конституциясы боюнча Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн. Азыркы учурда 2015-жылы 4-октябрда шайланган Жогорку Кеңештин VI чыкырылышы ишин жүргүзүп жатат. Бул чакырылыштын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 4-октябрнда шайланган жаңы чыкырылыштын депутаттарынын ант берүүсү менен бүтмөк. Бирок, октябрь айындагы массалык нааразылык акциялар үчүн ал кездеги президенттин ― Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын шайлоосун 2021-жылдын күзүнө жылганына алып келген. Ошентип, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы конституция менен каралган иштөө мөөнөтүн ашып кеткен.

                                     

4.3. Мамлекеттик түзүлүш Административдик-айммактык түзүлүш

Административдик-аймактык бирдиктердин катарына шаар, район, облус жана айыл аймагы бир же бир нече айылдан турган административдик-аймактык бирдик киришет. Кыргызстан административдик-аймактык карашында 7 облус жана 2 республикалык маанидеги шаарга Бишкек, Ош бөлүнөт. Республикалык маанидеги шаарлардын райондору өз алдынча административдик-аймактык бирдиктер катары эсептелинбейт.

Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:

  • 31 шаар.
  • 453 айлы аймагы.
  • 7 облус.
  • 40 район.
                                     

4.4. Мамлекеттик түзүлүш Куралдуу күчтөр

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүү - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүү 1992-жылы 29-майда Кыргызстанда жайгашкан мурдагы Совет аскерлердин бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өтүшү менен негизделген.

Кыргызстандын 2010-жылкы конституциясына ылайык Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган баскынчылык учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

Куралдуу Күчтөрүү төмөнкүлөрдөн турат:

  • Аскердик башкаруу органдарынан.
  • Улуттук гвардиядан.
  • Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнөн.
  • Жөө аскерлер бирикмелеринен, бөлүктөрдөн жана мекемелерден уюмдардан.
  • Чек ара кызматынан.
                                     

5. Калк

Кыргызстандын калкы 6.6 миллиондон ашат. Бул өлкөдө 1959-жылда 2 065 000, 1970-жылда 2 935 000, 1979-жылда 3 523 000, 1989-жылда 4 258 000, 1999-жылда 4 823 000, 2009-жылда 5 362 793 жашагандардан караганда бир кыйла көбүрөөк. 2015-жылдын 25-ноябрнда Кыргызстандын калкы 6 миллион адамга жетти.

Турукту калктын көпчүлүгү республиканын түштүк аймактарында турат - Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары 3.4 млн жашоочу же республиканын калкынан 53 %, алардын тургундары негизи фергананын кыргыз бөлүгүндө турушат. Дагы калктын бир кыйла бөлүгү Чүй өрөөнүндө жашайт Чүй облусу жана Бишкек шаары, 1.9 млн жашоочу же республикасынын калкынан 31 %.

Өлкөнүн калктын негизи - 4.5 млн ашуун адам бул кыргыздар, республикасынын бардык аймактарында жашашат. Саны боюнча экинчилер болгондор бул өзбектер - 0.91 млн ашуун адам, көпчүлүгү Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашашат. Үчүнчү орунду орустар ээлешет - 0.35 млн адам, негизи өлкөнүн түндүк аймактарында турушат. Башка улуттардын саны 100 миң кишиден ашпайт.

Жалпы калктын 32.8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 59.0%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар - 8.7% түзөт.

                                     

6.1. Ажайып жайлары Ысык-Көл

Ысык-Көл - Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат. Республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан. Андан суу кайра агып чыкпайт, бирок ага салыштырмалуу анча чоң эмес, 80дей өзөн-сайдын суулары келип куюлат. Алардын чоңдору - чыгыш жактан куюлган Түп менен Жыргалаң суулары. Батыш тараптан Чу дайрасы көлгө абдан жакын агып өтөт, Балыкчынын тушунан 6 км аралыкта жазгы суу ташкындары учурунда анча-мынча кошулуп да кетет. Суунун деңгээли Ысык-Көлдө циклдер боюнча өзгөрүп турат бирде көтөрүлөт, бирде түшөт. Цикл бир нече он жылдын ичинде алмашат. Суусу туздуу суунун минералдашуусу - 5.90%.

Суунун көлөмү 1738 км³ түзөт, көлдүн бети - 6236 км², жээгинин айланасы - 688 км, орточо тереңдиги - 278 м, эң терең жери дээрлик 2.5 эсе болуп, 702 метрге барабар. Ысык-Көлдүн узундугу батыштан чыгышка 182 км, ал эми түштүктөн түндүккө - 58 км. Ысык-Көл тунуктугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орунда турат.

                                     

6.2. Ажайып жайлары Арсланбаб

Арсланбаб - бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб - бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.

Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган - бул баарынан мурда анын жалпысынан 608.5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору.

Бирок жемиштүү жаңгак токойлору - Арсланбабдын жападан жалгыз мактанычы эмес. Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен ошондон улам жаңгактын бул түрү" грек жаңгагы” аталып калган дешет.

                                     

6.3. Ажайып жайлары Сулайман-Тоо

Сулайман-Тоо - батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу - 1140 м, туурасы - 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө болуп турат. Тоонун боорунда анын музейи да курулган. XVI кылымга чейин тоону Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман "Сулаймандын тактысы" деп аташкан.

Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Тоонун чокусунда "Тахты Сулайман" мечити 1963-жылы жардырылып жиберилген. Кийин сакталып калган материалдарынын негизинде 1991-жылы калыбына келтирилген, ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген "Рават-Абдуллахан" мечити - XVIII кылымдын эстелиги жана худжра имараты бар.

Сулайман- Тоодо "Чакка тамар" жана "Тепеүңкүр" үңкүрлөрү бар. Сулайман-Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт.

                                     

6.4. Ажайып жайлары Жети-Өгүз

Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо койнундагы капчыгай.

Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал" Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми" Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска - жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт.

Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

                                     

6.5. Ажайып жайлары Бурана мунарасы

Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан.

Эң ар түрдүү максаттагы курулуштардын калдыктары шаарчанын ар кайсы жерлеринен табылат. Шаарчанын борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтукка окшоп кетет. Борбордук урандылардын чыгыш жагында Бурана мунарасы жайгашкан. Бул бышкан кирпичтен салынган мунара 10-11-кылымдардагы Орто Азиядагы архитектуралык курулмалардын эң мыктыларынын бири болуп саналат.

                                     

6.6. Ажайып жайлары Таш-Рабат

Таш-Рабат - бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат.

Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган.

Таш-Рабатты окумуштуулар 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан.

1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады.

Таш-Рабаттын курулуш тарыхы карама-каршылыктуу. Документтерге ылайык ал жергиликтүү башкаруучу Мухаммед хандын буйругу менен курулган. Бирок көп жашаган карылар башка уламышты айтып, калтырышкан:" Таш-Рабатты атасы менен уулу курган. Курулуш аяктап калган кезде, куполго гана акыркы ташты коёрдо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Атасы болсо:" адегенде жумушту бүтүр, балам!” - деп айтат. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Көрсө, кербен менен кошо айчырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Таш-Рабат ошол бойдон жабуусу жок турат”.

Нарын облусунда мына ушундай адаттан тыш архитектуралык эстелик бар. Таш-Рабаттан кызыктуу жол жүрүп, ашуу ашып, бийик тоодогу дагы бир кооз көлгө - Чатыр-Көлгө барса болот.

                                     

6.7. Ажайып жайлары Сары-Челек көлү

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7.5 км, суусунун аянты - 507 гектар. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.

Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.

Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Көлдүн" Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү" Сары-Челек” деп атап коюптур.

                                     

6.8. Ажайып жайлары Соң-Көл

Соң-Көл Тянь-Шань тоолорунун кооз көлү болуп саналат." Соң-Көл” деген сөз" Акыркы көл” деген маанини билдирет. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү" Соң-Көл тоо” менен" Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөндө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы - 18 км, тереңдиги - 22 метрди түзөт. Бул көл Кыргызстандагы эң ири ичүүчү суу топтолгон жай болуп саналат. Көлдүн бетинин аянты - 278 кв. км.

Соң-Көлдүн суусу тоолордон агып түшкөн чакан дайралардын эсебинен толукталып турат, ал эми көлдөн Соң-Көл дайрасы агып чыгып, оргуштаган Нарын дайрасына кошулат.

Соң-Көл тулаңдуу мейкиндикте жайгашып, кыргыз жайлоолору менен курчалган. Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. Көлгө төрт жол менен барса болот. Бирөөсү Сары-Булак аркылуу түндүк - чыгышынан өтөт, экинчиси түштүк-чыгышта кыйма-чийме серпантин жол, үчүнчүсү түштүк-батышында Ак-Тал аркылуу жана төртүнчүсү түндүк-батышта Кара-Кече көмүр шахталарынын жанына өтөт.

Жаркырап жаткан көлдүн бети алыстан эле көзгө чалдыгат. Бул көл кар баскан Ала-Тоонун койнундагы кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис берметтей сезилет. Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан ары сырдуу да, ары байыркы жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир кыялдарга туш болосуз.

                                     

7.1. Билим берүү Жогорку окуу жайлары

  • Ош Педагогикалык институту.
  • Ош Борбордук Азия Университети.
  • Кыргыз-орус Славян университети.
  • И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы.
  • Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш Университети.
  • Кыргыз-Түрк "Манас" Университети КТМУ.
  • Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясы.
  • Борбордук Азиядагы Эл-аралык Университети.
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети КНУ.
  • МГСУ Ош филиалы.
  • Кыргызстан Эл-аралык Университети МУК.
  • Атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.
  • Борбор Азиядагы Америка Университети АУЦА.
  • "Ала-Тоо" Эл аралык университети.
  • Бишкек каржы-экономикалык академиясы БФЭА.
  • Академия управления при Президенте Кыргызской Республики.
  • Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Ош Мамлекеттик университет.
  • Дипломатическая Академия Министерства иностранных дел Кыргызской Республики.
  • С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университети.
  • И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту.
  • Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы.
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык Университети.
  • К. И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университети КУАУ.
  • Ош мамлекеттик социалдык университети.
  • Бишкек гуманитардык университети БГУ.
  • Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт Академиясы НАХ КР.
  • "КР Окмотуно караштуу Кыргыз мамлекеттик Юридикалык Академиясы КГЮА.
  • Жалал-Абад Мамлекеттик Университети.
  • Академик М. Адышев атындагы Ош технология Университети ОшТУ.
  • Экономика жана ишкердик университети ЭИУ.
  • Касым Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университети.
  • Кыргыз Экономикалык Университети КЭУ.
  • Ош технологиялык универститети.
  • Высший Военный институт Вооруженных Сил Кыргызской Республики.
                                     

8. Маданият

Майрам күндөрү

Жаңы жылдын Үчтүн айынын 1 күнүн майрамдоодон тышкары, кыргыздар жазгы биримдик күнүндө Кыргыз Жаңы Жылды майрамдайт. Бул жаз майрамы Улак Тартыш ат ойуну менен сыяктуу өткөрүлөт.

                                     

9.1. Транспорт Аба бекеттер

Кеңештер мезгилинин аягында Кыргызстанда 50гө жакын абабекет жана учуу-конуу тилкелери бар болчу, алардын көпчүлүгү негизинен Кытайга жакын жайгашкан чек ара аймагындагы аскердик максаттар үчүн курулган. Бүгүнкү күндө алардын кызмат бойдон калууда саны аябай эле аз. "Кыргызстан" Аба Шеркети Кытайга, Оруссияга жана башка жергиликтүү өлкөлөргө аба ташууларын ишке ашырат.

  • Бишкектеги Манас Эл аралык Абабекети Мөскөө, Ташкент, Алмата, Үрүмчү, Стамбул, Баку жана Дубай тейлеген эл аралык абабекет болуп саналат.
  • Ош Абабекети.
                                     

9.2. Транспорт Коңшу өлкөлөр менен темир жол каттанышы

  • Тажикстан – жок – ошол эле өлчөм.
  • Кытай – жок – Колейанын Ажырымы 1524 мм / 1435 мм.
  • Өзбекстан – бар – Ош бутагы – ошол эле өлчөм.
  • Казакстан – бар – Бишкек бутагы – ошол эле өлчөм.
                                     

9.3. Транспорт Жолдор

Азийа Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен жакында түндүктү жана түштүк-батышты байланыштырган Бишкектен Ошко маанилүү жол айактап калды. Бул өлкөнүн эки негизги калктуу пункттарынын - түндүктөгү Чүй өрөөнүнүн жана түштүктөгү Баргана өрөөнүнүн ортосундагы байланышты кыйла жеңилдетет. Бул жолдун кесиндиси узундугу 3500 метр болгон ашуудан кийин түндүк-батышта Талас өрөөнүнө бөлүнүп чыгат. Азыркы учурда Ош шаарынан Кытайга турган башкы жолду куруу планы иштелип чыгууда.

  • Жыйынтыгы: 34 000 км 140 км жогорку ылдамдыктагы жолдорду кошкондо.
  • Асфальт төшөлгөн: 22 600 км таш менен капталган бардык жолдорду кошо алганда.
  • Үшүк: 7 700 км бул жолдор стерилдештирилбеген жерден жасалган жана нымдуу аба-ырайы менен жүргүзүү кыйын 1990.
                                     

9.4. Транспорт Кыргыз Республикасынын аймак жана башкармалыктарга бекитилген унаанын тамга белгилери

  • ВР - Башкы Прокуратурасы.
  • I - Ысык-Көл облусу.
  • MES - Өзгөчө кырдаалдар Министрлиги.
  • ЖК - ГУИН.
  • D - Жалал-Абад облусу.
  • H, N - Нарын облусу.
  • A - Баткен облусу.
  • Z - Ош шаары.
  • В, Е - Бишкек шаары.
  • О - Ош облусу жана шаары.
  • Т - Талас облусу.
  • KG - Мамлекеттик белгилер.
  • MVD - Ички Иштер Министрлиги.
  • БА, КМ - Коргоо министрлиги.
  • УГ - Улуттук гвардия.
  • ЧК - Чек ара кызматы.
  • С, S - Чүй облусу.
  • АР - Аскер Прокуратурасы.
                                     

10. Сырткы шилтемелер

Мамлекеттик сайттар

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий сайты.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайты.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайты.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайты.
                                     
  • Кызыл - Кыргызстан кырг. Кызыл - Кыргызстан - Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Ноокен районундагы айыл. Сакалды айыл округу составына кирет. Калкы
  • Кыргызстан кырг. Кыргызстан - Кыргыз Республикасынын Ош облусун Кара - Суу районундагы айыл. Төлөйкөн айыл округу составына кирет. Калкы - 2 794 киши.
  • Кыргызстан улуттук энциклопедиясы - табият, тарыхы, илим, искусство, техника, экономика жана башка тармактарды, ошондой эле дүйнөлүк цивилизациянын азыркы
  • аралык олимпиада комитетининне. 1991 жылы Кыргызстан укумду сунуштаган.1993 жылы каттоодон өткөн. Кыргызстан Олимпиада оюндарында Улуттук Олимпиада комитети
  • Кыргызстан обондору үналгысы - Кыргызстанда угармандарга кыргыз тилинде гана ыр жана күүлөрдү тартуулаган биринчи радиостанция. 1999 - жылы Медиа группа
  • Кыргызстан 2016 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 6 түрү боюнча 19 спортчусу менен катышат. Олимпиада 5 августан 21 августка чейин Бразилиянын Рио - де - Жанейро
  • Кыргызстан маданияты газета, Кыргызстан жазуучулар союзу менен маданият министерствосунун органы. 1967 - ж. 1 - январда уюшулган, жумасына бир чыгат. Кыргызстан
  • Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, биринчи жолу 1994 жылы Лиллехамердеги кышкы олимпиада оюндарына катышкан, жана ошондой эле азыркы учурда
  • Кыргызстан басмасы - Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук - саясий, социалдык - экономикалык, өндүрүштүк - техникалык жана көркөм адабият басмасы. 1926 - жылы
  • Кыргызстан жылдызы сыйлыгы менен - Кыргызстан Уикипедиясына жана кыргыз тилинин, тарыхынын, илиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө салымын кошкон Уикипедиячылар
  • 2016 Кыргызстан футбол кубогу - Кыргызстандын башкы кубоктук футбол мелдешинин 25 - жолу өткөрүлүшү. Мелдеште Топ - Лига, Биринчи лига жана Экинчи лиганын
                                     
  • Кыргызстан Демократиялык Кыймылы, Кыргызстан Демократиялык кыймылы КДК - Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды
  • Советтик Кыргызстан танк колоннасы. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1941 45 СССРди коргоо жана Кызыл Армия фонду үчүн кыргызстандыктар топтогон
  • Футбол боюнча Кыргызстан чемпиондугу 2015 - Футбол боюнча Кыргызстан чемпиондугунун 24 - чү сезону.Оюнда 6 команда күч сынашат.Расмий аталышы - Шоро Топ
  • Кыргызстан Өзгөн району, Чапкынды - Ош областынын Өзгөн районундагы кыштак. Ийри - Суу айыл округуна караштуу. Жыланды - Суу суусунун сол өйүзүндө, деңиз
  • Кыргызстан социал - демократиялык партиясы КСДП орус. Социал - демократическая партия Кыргызстана - Кыргызстандагы саясий партия. 1993 жылы 1 октябрда
  • Кыргызстан театр ишмерлер союзу - республиканын театр ишмерлерин бириктирген коомдук - чыгармачылык уюм. Кыргызстан театр ишмерлер союзу 1987 - жылы декабрь
  • Кыргызстан - АКШ мамилеси - Кыргызстан жана АКШнын эки тараптуу эл аралык маселеси. Кыргыз Республикасы АКШ менен 1991 - жылы 27 - декабрда дипломаттык мамиле
  • Бул макалада Кыргызстан премьер - министрлеринин тизмеси көргөзүлгөн. Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы: Юсуп Абдрахманов 12 март 1927 - 27 сентябрь
  • Кыргызстан 2016 жайкы Паралимпиада оюндарына спорттун 2 түрү боюнча 3 спортчусу менен катышат.Кыргыз делегациясынын курамында Марат Аскарбеков делегациянын
  • Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 3 түрү боюнча 5 спортчусу менен катышат. Олимпиада 24 - июлдан 9 - августка чейин Жапониянын Токио шаарында
                                     
  • Кыргызстан демократиялык кыймылы КДК улуттук кайра жаралуу багытындагы, Кыргызстандын формалдуу уюмдарынын демилгеси менен түзүлгөн кыймыл 1990 - жылы
  • Замира Акбагышева. 1993 - жылы Кыргызстан Аялдар Конгресси уюшулуп, анын президенти болуп Замира Акбагышева шайланган. Кыргызстан аялдар Конгрессинин делегациясы
  • Кыргызстан улуттук шайбалуу хоккей курамасы шайбалуу хоккей боюнча эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгуучу команда. Кыргызстан хоккей федерациясы
  • Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты КТЖ - пост - советтик Кыргызстандагы тарыхчы окумуштууларды 1995 - 2011 - жылдары баш коштурган коомдук чыгармачыл уюм. Ал мурдагы
  • Алга, кыргызстан биримдик жана өнүгүү партиясы 2003 - ж. 7 - сентябрда Жаңы - Заман биримдик жана өнүгүү партиясы, Манас - Эл руханий кайра жаралуу партиясы
  • Кыргызстан 2018 кышкы Олимпиада оюндарына спорттун 2 түрү боюнча 2 спортчусу менен катышат. Олимпиада 9 - февралдан - 25 - февралга чейин Түштүк Кореянын Пхёнчхан
  • Aır Kyrgyzstan Эйр Кыргызстан юридикалык аталышы ОАО Эйр Кыргызстан - Кыргыз Республикасынын улуттук авиакомпаниясы. 2005 - жылы Президенттин указы
  • Мекеним Кыргызстан саясий партиясы - Кыргызстандагы саясий партия, 2015 - жылдын 2 - ноябрында түзүлгөн, 2016 - жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна
  • 2016 Топ - Лига - Кыргызстан футбол чемпиондугунун жогорку дивизионунун 25 - мезгили. Алай клубу мурунку мезгилдин чемпиону болуп, чемпиондук наамды коргоп
Кыргызстан Түрквизион ыр сынагында
                                               

Кыргызстан Түрквизион ыр сынагында

Кыргызстан - Түрквизион ыр сынагына 2013-жылдан бери катышып келет. Сынакка мамлекеттин атынан алгачыкы жолу Чоро катышкан. Ал эми Кыргызстанга биринчи жеңишти Жийдеш Идирисова 2015-жылы,Turkvizyon 2015 сынагында алып келген.

Users also searched:

кыргызстан, кыргыз улуттук университети. кыргызстан,

...

Encyclopedic dictionary

Translation
Free and no ads
no need to download or install

Pino - logical board game which is based on tactics and strategy. In general this is a remix of chess, checkers and corners. The game develops imagination, concentration, teaches how to solve tasks, plan their own actions and of course to think logically. It does not matter how much pieces you have, the main thing is how they are placement!

online intellectual game →